Мыйзам долбоор: унаадан таштанды ыргыткандар 10 миң сом айып пул төлөйт

© AFP / PHILIPPE MERLEТамеки тартып, унааны айдап бараткан айдоочу. Архив
Тамеки тартып, унааны айдап бараткан айдоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Унаада кетип баратып жолго таштанды ыргыткан айдоочуларды айыпка жыгуу сунушу парламентте көтөрүлдү. Ошондой эле депутаттар ири иш-чаралардын уюштуруучуларына биоажатканаларды орнотуу милдетин жүктөө маселесин карашты.

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары жарандардын ар кандай аракеттерине тыюу салып жазаны күчөтүү боюнча административдик кодекске өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорду коомдук талкууга алып чыгышты.

Парламентарийлер төмөнкү өзгөртүүлөрдү сунуштап жатат:

  • унаада кетип баратып жолго таштанды ыргыткандарга 10 миң сом айып пул салуу (144 доллар);
Курение в общественных местах в Барселоне - Sputnik Кыргызстан
Кафеде чылым чегүүгө тыюу: тамеки чеккендер менен чекпегендер эмнени билиши керек
ири иш-чаралардын уюштуруучуларын биоажаткана орнотууга милдеттендирүү. Мыйзам бузгандарга 10 миң сом айып пул салуу. Жеке жактарга — 20 миң сом (288 доллар), юридикалык жактарга — 100 миң сом (1500 доллар) каралган;
  • аткаруучу органдын жергиликтүү башкармалыгынын имаратынын тегереги жыйналбаган болсо анын жетекчисине 20 миң сом айып салынат;
  • таштандыны өрттөгөндөргө 10 миң сом айып пул же 40 сааттык көчө тазалоо иштерине тартуу. Мындай аракетти кайра кайталаган жарандарга 30 миң сом айып пул салуу (434 доллар);
  • эгер айып пулду милиция сала турган болсо алынган сумманын 10 пайызы участкалык инспекторлорго, 20 пайызы Ички иштер бөлүмүнүн материалдык абалын жакшыртууга берилет.
  • "Европа жана чыгыш Азиядагы мамлекеттерде мындай мыйзам колдонулуп жакшы жыйынтыктарды берип келет. Мисалы Сингапурда жөнөкөй кагазды жолго таштап кеткендер мамлекеттик казынага 300дөн 1000 долларга чейин айып пул төлөшөт", — деп мыйзам долбоордун негиздеме катына жазылган.

    Документ коомдук талкууга 21-февралда чыгарылып, ал бир айга созулат. Андан кийин депутаттардын кароосуна жөнөтүлөт.

    Жаңылыктар түрмөгү
    0