Тескей Ала-Тоо кыркасында "Апрель баатырлары" ысымындагы чоку пайда болду

Жазылуу
Мыйзам 2017-жылдын 15-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

БИШКЕК, 19-мар — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Ысык-Көлдүн Тескей Ала-Тоо кыркасында жайгашкан 4142,2 метр бийиктиктеги чокуга "Апрель революциясынын Баатырлары чокусу" деген атты ыйгаруу жөнүндөгү мыйзамга кол койду. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам 2017-жылдын 15-мартында Жогорку Кенеши тарабынан кабыл алынган

"Аталган мыйзамдын максаты — Апрель революциясынын баатырларынын аттарын түбөлүккө калтыруу", — деп жазылат маалыматта.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0