Өлүм жыттанган статистика: ар бир айда 3 миңге жакын кыргызстандык каза табат

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүОоруканадагы бейтап. Архив
Ооруканадагы бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарандардын жанын алган башкы оорулардын негизгиси — кан айлануу системасынын илдети болуп калууда.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Кыргызстандын 2 730 жараны ар ай сайын эмнеден каза табарын Улуттук Статистика боюнча комитет аныктап чыккан.

Ведомствонун маалыматтарына караганда, башкы оору айлануу системасы — инфаркт менен инсульт ар бир экинчи кыргызстандыктын өмүрүн алып кетип жатат.

В Омске открылся высокотехнологичный центр лечения патологии почек - Sputnik Кыргызстан
Бүк түшүргөн бөйрөк оорусу. Гемодиализге байланган балдар...
Ажалдуу экинчи тизмеде онкологиялык оорулар турат, ал ар бир сегизинчи адамдын өмүрүн жалмайт экен.

Аш казан, тамак сиңирүү жана дем алуу органдарынын илдеттери үчүнчү орунда деп табылган. Ал эми жугуштуу кесел ар бир элүүнчү кыргызстандыкты аксатат экен. Ушундай эле үлүш жол кырсыктары боюнча статистикага туш келээри маалым болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0