Статистика: былтыр өлкөдө пара берүүгө караганда зордуктоо көп катталган

Жазылуу
2016-жылы Кыргызстанда 248 зордуктоо иши жана пара алган 100 факты катталган.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Улуттук статистикалык комитет Кыргызстанда 2016-жылы кандай мыйзам бузуулар болгонун санап чыккан.

Маалыматка ылайык, былтыркы жылы жалпы жонунан 27,5 миң кылмыш катталган. Бул сан 2015-жылга салыштырмалуу 6 пайызга аз.

Ардагердин медалдары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аялдар чак түштө Бишкекте ардагерди таңып, орден-медалдарын "шыпырып" кеткен
Катталган кылмыштардын ичинен 61 пайызын мал уурдоо, талап-тоноо, каракчылык, алдамчылык фактылары, оор кылмыштар төрт пайыздык көрсөткүчтү түзгөн.

Жыл ичинде 267 адам өлтүрүлүп, 248 кыргызстандык зордуктоо менен кармалган. 200гө чукул кылмыш иши экономикага байланыштуу болгон — 520 кыргызстандык кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланса, жүздөгөн пара алуу фактысы катталган.

Былтыр жалпы жонунан 16,6 миң жаран мыйзам бузса, анын 2000ге чукулу аялдар. Отчетте жазылгандай, кармалган кылмышкерлердин 80 пайызы эч жерде иштебегендер.

Жаңылыктар түрмөгү
0