Сапатсыз ун саткандарга 50 миң сом айып салуу демилгеси көтөрүлдү

© Sputnik / Исмаил МамытовБазар. Архив
Базар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутаттар курамына тиешелүү элементтер кошулбаган жана сапатсыз унду импорттоп стакандарга ири өлчөмдөгү айып салуу сунушун киргизүүдө.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Парламентарийлер курамында зарыл болгон элементтери жок унду сатып жана сырттан ташыгандарга 50 миң сом айып салуу сунушун киргизип жатат. Бул туурасында Жогорку Кеңештин сайтында кабарланды.

Мындай багыттагы мыйзам долбоору 22-мартта коомдук талкууга алып чыгылган.

"Байытылбаган унду Кыргызстандын аймагына импорттоо жана айландыруу техникалык регламентке жана бир катар ченемдик укуктук актыларга туура келбейт жана ага 50 миң сом айып салуу каралат", — деп жазылган мыйзамдын негиздемесинде.

Эгерде бул документ күчүнө кирип калса, админстративдик айыптар юридикалык жактарга, саткан жарандарга жана жеке ишкерлерге салынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0