Бүгүн Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуунун акыркы күнү

© Фото / пресс-служба ГНС КРЗаполнение единой налоговой декларации
Заполнение единой налоговой декларации - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Салык кызматы декларацияны бере элек жарандардан аны түн ортосуна чейин тапшырууга чакырат.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Бүгүн Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуунун мөөнөтү аяктайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлады.

Буга байланыштуу декларацияны бере элек жарандар аны түн ортосуна чейин тапшыра алат.

"Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердиктерин ишке ашырган дыйкан жана фермердик чарбалар 1-апрелге чейин Бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга милдеттүү", — деп жазылат маалыматта.

Декларацияны өз убагында тапшырбагандарга 2000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.

Бирдиктүү салык декларациясын ким, качан, кантип тапшырышы керектигин Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0