Аскер кызматкерлери. Архив

Армияда коррупция менен зомбулук фактылары көбөйүүдө

201
Армияда коррупциялык кылмыштар дагы деле катталууда. 2015-жылы үч коррупциялык иш аныкталса, былтыр алты факты катталган.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Кыргызстандын армиясында зомбулук менен коррупциялык иштер көбөйгөн. Бул тууралуу 2013-2017-жылдарга белгиленген туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруунун алдын ала жыйынтыгында айтылат.

Отчетте белгиленгендей, армияда коррупциялык кылмыштар дагы деле катталууда. 2015-жылы үч коррупциялык иш аныкталса, былтыр алты факты катталган.

"Ошондой эле аскер кызматын өтөп жаткандардын укуктарын бузуу дагы аныкталган. Муну "зомбулук" боюнча сот иштеринин статистикалык маалыматтары тастыктап турат. 2012-жылы 14 сот иши болсо, 2013-жылы бирөө, 2014-жылы экөө, 2015-жылы алтоо жана 2016-жылы тогуз сот иши катталган", — деп айтылат отчетто.

Кыргызстандын армиясынын жоокерлери парад учурунда. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
2012-2015-жылы прокуратура өз өмүрүнө кол салган 28 учурду, суицидге барууга аракет кылуу боюнча 15 учурду каттаган. Ал эми 2016-жылы өз өмүрүнө кол салган бир факты жана алты аракет болгон.

Отчетто ошондой эле армия жаатындагы жакшы жактар да белгиленген. Мисалы Чек ара кызматынын прапорщиктери менен келишимдик негизде кызмат өтөгөндөрдүн айлыгы көбөйгөн. Ошондой эле аскер адамдарын турак-жай менен камсыздоо маселеси да чечилүүдө.

Күч органдарында иштегендер үчүн 1 459 батирлүү 53 үй курулган.

201
Белгилер:
суицид, коррупция, Аскер
Тема:
Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйыны (9)
Тема боюнча
Быйыл Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы аскердик лицей окуучуларды кабыл албайт
"Коррупция" жана "алдамчылык" беренелери менен айыпталгандарды кандай жаза күтөт

Бишкектеги кыргыз-түрк ооруканасында тургундар нааразычылыкка чыкты. Видео

0
Буга чейин Бишкекте коронавирус жуктурган бейтаптарды дарылоо үчүн Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасынан тышкары дагы үч оорукана даярдалып жатканы айтылган.

Бишкектеги кыргыз-түрк ооруканасынын жанында жашаган 60ка жакын киши медициналык мекемеде коронавируска кабылгандардын дарылануусуна нааразылыгын билдирип чыкты.

Кечээ саламаттыкты сактоо министрлиги Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасынан бейтаптарды №6 шаардык клиникалык ооруканасына, Фтизиатрия улуттук борборуна жана Кыргыз-түрк ооруканасына жаткырарын билдирген.

Жашоочулардын айтымында, жарандардын коопсуздугуна эч кандай кепилдик жок. Райондо калк жыш жайгашкандыктан вирус тез жайылып кетиши мүмкүн деп коркуп жатканын билдиришти.

Митингге чыккандар менен саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев сүйлөштү. Ал буга чейин Sputnik Кыргызстан агенттигине ооруканада мурда COVID-19 диагнозу аныкталган жарандар дарылана турганын ырастаган. Учурда ал тургундар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Министрдин орун басарынын айтымында, Саламаттыкты сактоо министрлиги буга чейин тобокелчиликтерди алдын-ала караштырган. Ошондой коронавирус менен ооруган адамдар бул жерде бир ай убакыт гана жайгаша турганын кошумчалады.

0
Белгилер:
коронавирус, нааразычылык акциясы, оорукана, Бишкек
Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов

Боронов: Нарында көзөмөлдү күчөтүү керек, анализ алууга кошумча жабдуу жөнөтүлсүн

6
(жаңыланган 14:12 31.05.2020)
Кубатбек Бороновдун айтымында, COVID-19 дартын жуктуруп алгандар менен байланышта болгон жактардан алынган ПЦР-анализдин жыйынтыгы бир сутка ичинде чыгарылышы зарыл.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Нарын аймагындагы эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөөнү күчөтүү керек. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

"Бул максатта регионго саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев жөнөтүлдү. Мындан тышкары, жакынкы күндөрү борбордон регионго тажрыйбалуу вирусолог жана ПЦР-анализ алууга кошумча жабдуу жөнөтүлсүн. Учурда ал аймакта анализдердин жыйынтыгы 3-4 күнгө созулуп кетүүдө, ал эми штабдын талабы боюнча жыйынтык бир суткада чыгарылышы зарыл. Мунун өзү оорунун жаңы учурларын кыскартууга шарт түзөт", — деди Боронов.

Андан соң биринчи вице-премьер-министр Россия Федерациясынын Соль-Илецк шаарынан кайтып келген жарандардан жеринде экинчи ирет ПЦР-анализ алынып, кезектеги штабдын кеңешмесинде ал боюнча так маалымат берүүнү тапшырды.

31-майдагы маалыматка караганда, Нарын облусунда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 358ге жетти.

6
Белгилер:
көзөмөл, коронавирус, Нарын облусу, Кубатбек Боронов, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
COVID-19: вируска каршы турган дагы алты медик оору жуктурду