Ар бир үчүнчү кыргызстандык бойго бүтүрбөөчү каражаттарды колдонууга каршы

© Sputnik / Михаил Мордасов / Медиабанкка өтүүТүгөйлөр. Архив
Түгөйлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандыктардын 89 пайызы бойдон алдыруу адам өлтүрүүгө барабар деп эсептейт.

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Кыргызстандын жарандарынын 37 пайызы бойго бүтүрбөөчү каражаттарды колдонуу жат көрүнүш деп эсептей турганын БУУнун элди жайгаштыруу боюнча жергиликтүү фонду иликтеп чыкты. 

Аймак тургундарынын бойго бүтүрбөөчү каражаттарды жат көрүнүш деп эсептөөсүнүн көрсөткүчү
Ар бир үчүнчү кыргызстандык бойго бүтүрбөөчү каражаттарды колдонууга каршы - Sputnik Кыргызстан
Аймак тургундарынын бойго бүтүрбөөчү каражаттарды жат көрүнүш деп эсептөөсүнүн көрсөткүчү

Маалыматка караганда, бойго бүтүрбөөчү каражаттарды аялдарга караганда эркектер көбүрөөк пайдаланат.

Если б я был султан: стоит ли узаконивать многоженство в КР? - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын көп аял алууга макул болгон аймактары. Рейтинг
Мындай кажараттарды колдонууга каршы жарандардын көбү Ош облусунда жашайт. Ал жакта жалпы суралгандардын 62 пайызы муну жат көрүнүш деп эсептейт.

Ал эми Таласта 100 адамдын тогузу гана мындай пикирге кошулат.

Ошол эле учурда кыргызстандыктардын 89 пайызы бойдон алдырууну адам өлтүрүүгө барабар деп эсептейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0