Кыргызстанда болгону 640 согуш ардагери калды. Статистика

Жазылуу
Өлкөдө эки күндүн биринде бир ардагер көз жумат... Улуу Ата мекендик согуштагы жеңиштин 72 жылдыгын белгилөөгө бир ай убакыт калды. Sputnik республикада акыркы 16 жыл ичиндеги ардагерлердин санын алды.

Улуу Ата мекендик согуш маалында Кыргызстандан 363 миң адам чакырылган, анын ичинде 1395 аял бар.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматы боюнча 2017-жылдын 6-апрелине карата 640 ардагер бар экени белгилүү болду. Ал эми мындан үч жыл мурун алардын саны 1272ге жетчү. Оорук ардагерлеринин саны да күндөн күнгө азайып барат, ушу тапта 3195 адамдын көзү бар. Согуштун 415 катышуучусу калса, Ленинград блокадасын башынан кечиргендердин 27си гана калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0