Дүйнөдөгү эң коопсуз мамлекет аныкталды

© Sputnik / Табылды КадырбековПразднование Дня независимости на площади Ала-Тоо в Бишкеке
Празднование Дня независимости на площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рейтингди түзүүдө мамлекеттин аймагында болуп жаткан жаңжалдар, кылмыштуулуктун деңгээли жана терроризм коркунучу сыяктуу факторлор эске алынган.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Дүйнөлүк экономикалык форумдун адистери жер планетасындагы эң коопсуз мамлекетти аныкташты.

Жалпысынан 136 мамлекет катышкан иликтөөнүн жыйынтыгында эң коопсуз мамлекет деп Финляндия табылды. Былтыр дагы ал ушул эле рейтингде биринчи орунду алган. Ал эми экинчи жана үчүнчү орундарды Бириккен Араб Эмирлиги менен Исландия ээледи.

Всесезонный туристско-рекреационный комплекс Эльбрус в Кабардино-Балкарии - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан туризм боюнча рейтингде Казакстан менен Тажикстандан артта калды
Аталган рейтингде Кыргызстан 98-орунга татыган. Ал эми Россия 109-орунга чыкса, Тажикстан 49-орун жана Казакстан 58-орунду камсыздаган. Бул рейтингге Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен Өзбекстан кирген эмес.

Ал эми тобокелчилик эң жогору болгон мамлекеттердин катарына Колумбия (136-орун), Йемен (135) жана Сальвадор (134) өлкөлөрү кирди.

Рейтингди түзүүдө мамлекеттин аймагында болуп жаткан жаңжалдар, кылмыштуулуктун деңгээли жана терроризм коркунучу сыяктуу факторлор эске алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0