Акыркы коңгуроо 25-майда кагылат. Бүтүрүүчүлөргө шаан-шөкөт өткөрүүгө тыюу салынды

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүВыпускной в Омске
Выпускной в Омске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мектептин жетекчилерине акча чогултуп окуучулар катышкан чоң иш-чара өткөрүүгө тыюу салынды.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы коңгуроо 25-майда кагылат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Аталган буйрукка Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева кол койду.

Выпускной бал в Цхинвале - Sputnik Кыргызстан
Саамалык. №56 мектептин бүтүрүүчүлөрү коштошуу кечесинен баш тартууда
Анда мектеп жетекчилерине акча чогултуп, бүтүрүүчүлөр жана алардын ата-энелери менен бирге кафе, ресторанга барып, жаратылышка чыгууга тыюу салынган.

Бишкек жана Ош шаардык билим берүү башкармалыктарынын жетекчилерине, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларына жоопкерчиликтүү кызматкерлерди күнү-түнү менен нөөмөткө тургузуу тапшырмасы берилди.

Мектеп администрациялары, класс жетекчилер жана ата-энелер комитеттеринин жетекчилери акыркы коңгуроо иш-чараларында жоопкерчиликти өз моюндарына алышат.

Буйрукта ошондой эле салтанаттуу иш-чара мамлекеттик символика менен шөкөттөлүп, иш-чаранын катышуучулары мамлекеттик гимнди аткаруусу абзел.

Жаңылыктар түрмөгү
0