Өлкөдө батирлерди кайрадан суткага берүүгө жол ачуу сунушталууда

© Sputnik / Табылды КадырбековЗапрет сдачи квартир в домах под почасовые и посуточные гостиницы
Запрет сдачи квартир в домах под почасовые и посуточные гостиницы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батирлерди суткага ижарага бергендерге карата 10-январдан тарта айып салуу киргизилген. Мындай кадам там-ташын ижарага бергендер менен туристтик аймакта эс алгандардын нааразычылыгын жараткан.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Кыргызстанда батирлерди кайрадан суткага жана саатына ижарага берүүнү киргизүү маселеси көтөрүлүүдө. Турак-жай жана административдик жоопкерчилик кодекстерине киргизилип жаткан толуктоолор коомдук талкууга чыгарылды.

Быйыл 10-январдан тарта батирди суткага жана саатына ижарага бергендерге айып пул салуу киргизилген. Анын көлөмү жеке тараптар үчүн 7 миң, кызмат адамдары үчүн 9 миң жана юридикалык жактар үчүн 70 миң сомду түзгөн. Ошентип көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлерди мейманкана катары колдонууга тыюу салынган. Мындай кадам ижара берүүчүлөр менен туристтик жайларда эс алгандардын нааразычылыгын жараткан.

Өзгөртүү киргизүүнү демилегелеп жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Жунус уулунун айтымында, Ысык-Көл облусунун тургундары батирлерин ижарага берип жан сактап келет. Мындай абал башка туристтик жайларды (Сары-Челек, Арстанбап ж.б.) иштеткендерге дагы тиешелүү.

Андыктан мыйзам долбоорунда туристтик аймакта жайгашкан турак-жайларды саатына, суткасына ижарага берүү каралган. Долбоордо мындай аймактарды өкмөт белгилеши кажет экени жазылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0