Кыргызстанда кылмышкерлердин канчасы кармалып, канчасы куйругун түйүп кетет

Жазылуу
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, зордукчулардын суудан кургак чыгуу мүмкүнчүлүгү аз. Ал эми уурулардын из суутуп кетүү ыктымалдуулугу жогору.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Кыргызстандагы кылмышкерлердин жазага тартылбай кутулуп кетүү мүмкүнчүлүгү канчалык экенин Улуттук статистика комитети аныктап чыкты.

Күбөлөрдүн айтымында, дал ушул автоунаа түн ортосунда кишини коюп кеткен - Sputnik Кыргызстан
Кайгуул милициясы үч саатта Бишкекте жасалган оор кылмыштын бетин ачты
Мекеменин маалыматына ылайык, жасалган 10 кылмыштын жетөөсүнүн бети ачылат. Кылмыш кылган зордукчулардын 96 пайызы колго түшөт.

Адам өлтүргөндөрдүн 74 пайызы кылтакка илинсе, уурулардын 35 пайызы гана кармалат. Ошентип ууру кылгандардын колго түшүү ыктымалдуулугу башка кылмышкерлерге салыштырмалуу төмөн.

Жыл сайын укук коргоо органдары 30 миңден ашык кылмыш каттайт. Башкача айтканда, Кыргызстанда күнүгө 1,5 саат сайын мыйзам бузулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0