Жалпы республикалык тестирлөө 16-майдан тарта башталат

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүСдача ЕГЭ по русскому языку в школах России
Сдача ЕГЭ по русскому языку в школах России - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖРТга катышуу үчүн 45 миң абитуриент каттоодон өттү.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Кыргызстанда 16-майдан тарта Жалпы республикалык тестирлөө баштала турганын Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Каттоо иштери 6-марттан 6-апрелге чейин жүргөн. Алдын ала маалымат боюнча ЖРТга катышуу үчүн 45 миң абитуриент каттоодон өттү.

"Быйыл өткөн жылдагыдай эле химия, физика, математика, тарых, англис тили боюнча предметтик тест болот. Текшерүүдөн кыргыз жана орус тилдеринде өтүүгө болот", — деп айтылат маалыматта.

Жалпы республикалык тестирлөө өлкө аймагында төмөнкүдөй этап менен өтмөкчү:

 

  • 1-этап — 16-17-май;
  • 2-этап —19-20-май;
  • 3-этап — 23-24-июнь.

 

Республиканын ар бир регионунда тест борборлору уюштурулуп, аларды жалпы саны 123кө жетет. Эки күн — 15 жана 18-майда буга чейин катталбай калган абитуриенттер үчүн кошумча каттоо жүргүзүлөт.

ЖРТ боюнча кененирээк маалыматты Билим берүү жана окутуу ыкмаларын баалоо борборунун (ЦООМО) расмий сайтынан алууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0