Соңку үч жылда чет элдиктер Кыргызстандан 66 бала асырап алган

Жазылуу
Асыранды балдар 18 жашка чыкканга чейин Кыргызстандын жарандыгы менен жашайт.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Соңку үч жылда чет элдик жарандар Кыргызстандан 66 баланы асырап алган. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин үй-бүлө жана баланы коргоо башкармалыгынын жетекчиси Жаңыл Жумабаева Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн жыйында билдирди.

© Sputnik / Максат ЭлебесовЭмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин үй-бүлө жана баланы коргоо башкармалыгынын жетекчиси Жаңыл Жумабаева
Пресс-конференция Защита детства. О судьбах детей из КР, усыновленных иностранцами - Sputnik Кыргызстан
Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин үй-бүлө жана баланы коргоо башкармалыгынын жетекчиси Жаңыл Жумабаева

Анын айтымында, чет элдиктер интернатта тарбияланып жаткан балдарды асырап алышат. Аларга кыргыз үй-бүлөлөрү багып алуудан баш таркан балдарды гана алууга мүмкүнчүлүк берилет.

"Чет элдиктер көбүнчө төрттөн 15 жашка чейинкилерди багып алышат. Бирок алардын 95 пайызы тубаса оорулуу жана биздин жарандар асыроодон баш тарткан балдар. Кыргыз балдарын багып алгандар АКШ, Финляндия жана Швециянын жарандары. Алардын кандай жашап жатканын ошол өлкөдөгү Кыргызстандын консулдугу менен элчилиги көзөмөлгө алып турат", — деди Жумабаева.

Быт в селе - Sputnik Кыргызстан
Жетимдерди убактылуу баккың келеби, айкөл кыргыз?
Асыранды балдар 18 жашка чыкканга чейин Кыргызстандын жарандыгы менен жашайт.

"Көбү эмнеге чет элдиктер оорулуу балдарды багып алып жатканына кызыгышат. Муну алар ар бир балага мүмкүнчүлүк түзүп берүү керек деп түшүндүрүшөт. Ошону менен бирге жардам берүү максатын көздөшөт", — деди Жумабаева.

Ошондой эле ал соңку үч жылдын ичинде 3072 баланы кыргызстандыктар асырап алганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0