Экономика министрлиги расмий адал стандартын түзүүнү демилегелөөдө

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүХалал азыктар. Архив
Халал азыктар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрлик өлкөдөгү адал-индустриясынын ишмердигин жөнгө салуучу токтом чыгарууну сунуштады.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Экономика жана өнөр жай министрлиги өлкө аймагында адал азыктарды сатууну жөнгө салып, эрежеге тууралоо боюнча токтомдун долбоорун коомдук талкууга алып чыкты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Эгер токтом кабыл алынса "адал" маркасы менен товар чыгарган ишканалар мамлекеттик органдардын жана муфтияттын атайын сертификациясынан өтүшү керек.

"Бул аракеттер адал индустриясынын "жашыл экономика" стандарттарына өтүүсүнө өбөлгө түзөт. Ошондой эле токтом ичеги-карын ооруларын жана ууланууну азайтууга негиз берет. Себеби базарда сапатсыз жана аткезчилик жолу менен келген продукциялардын саны азаят", — деп айтылат маалыматта.

Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, аталган токтом адал-индустриясын өнүктүрүү концепциясынын бир этабы болуп саналат. Долбоор Кыргызстанды сырткы рынокко эл аралык жана адал стандарттарына туура келген экологиялык айыл чарба продукцияларын чыгарган өлкө катары көрсөтүүнү максат кылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0