Нарын дарясы. Архив

Шашылыш билдирүү! Тоолуу аймактарда сел жүрүү коркунучу күч

303
(жаңыланган 14:37 23.05.2017)
ӨКМ жалпы жарандарга өзгөчө кырдаалдын алдын алуу максатында арык казуу, суу жээктерин тосууну эскертет.

БИШКЕК, 23-май— Sputnik. 23-майдан 28-майга чейин аба-ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүү коркунучу күч боло турганын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, суунун көлөмү 1-10 сантиметрге чейин жогорулашы ыктымал.

"Нарын дарыясында суунун көлөмү 29-33 сантиметр, Кызыл-Сууда 13, Исфайрам-Сайда 17 сантиметрге чейин көтөрүлөт. Ошондой эле Күмүш-Тоо, Талас, Кара-Кулжа, Узун-Акмат, Чычкан, Тентек-Сай, Көк-Арт, Майлуу-Суу дарыяларында да суу нормадан жогору болот", — деп жазылат маалыматта.

Мындан улам министрлик жалпы жарандарга өзгөчө кырдаалдын алдын алуу максатында арык казуу, суу жээктерин тосууну эскертет.

303
Белгилер:
жаратылыш кырсыгы, сел, ӨКМ, Кыргызстан
Тема боюнча
Кадамжайда 11 турак жайды суу каптап, бир унааны агызып кетти
Чаткал дарыясы унаа өтүүчү көпүрөнү жууп кетти
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчулары машыгуу учурунда. Архив

Алдыда Азия кубогуна тандоо. Кыргызстандын командасы эми качан ойнойт?

11
(жаңыланган 11:14 17.06.2021)
Футбол союзунун маалыматына караганда, Азия кубогунун жаңы тандоо раундунда 22 курама команда ойнойт. Алардын арасында Кыргызстан дагы бар.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 2023-жылы өтө турчу Азия кубогунун тандоо этабында ойнойт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун маалымат кызматы кабарлады.

Улуттук курама команда жакында эле болгон Дүйнө чемпионатынын тандоо раундунда кийинки этапка жолдомо ала албай калган. Мындай жол менен спортчулар Азия кубогунун финалдык бөлүгүнө түз кирүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарышты.

Футбол союзунун маалыматына караганда, жаңы тандоо раундунда 22 курама команда ойнойт. Алар: Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, Кувейт, Филиппин, Иордания, Бахрейн, Палестина, Индия, Малайзия, Түркмөнстан, Мальдив, Непал, Гонконг, Афганистан, Сингапур, Монголия, Таиланд, Шри-Ланка, Мьянма, Йемен, Бангладеш. Дагы эки команда плей-офф стадиясында тандалат.

Азия кубогунун тандоо турунун плей-офф оюну 2023-жылдын 7-сентябрынан 12-октябрына чейин өтөт. Ал эми негизги раунд 2022-жылдын 1-февралында башталып, ушул эле жылдын 27-сентябрында аяктайт.

Алты тайпада төрттөн команда беттешет. Бирок коронавирус боюнча кырдаал абалды өзгөртүп коюшу ыктымал. Эми кыргызстандык курама команданын мелдешке даярданууга тогуз ай убактысы бар.

11
Белгилер:
спорт, мелдеш, Азия кубогу, футбол, Кыргызстан
Тема боюнча
КРдин футбол командасы өз тайпасынан экинчиге илинбей калды. Эми эмне болот?
Кыргызстан — Япония оюну. Мелдештин голдору видеодо
Акча каражаттары. Архив

Евро арзандап, доллар дагы кымбаттады. Бензин менен алтындын баасы кандай

12
(жаңыланган 11:06 17.06.2021)
Sputnik Кыргызстан редакциясы Бишкекте алтын, күйүүчү май жана чет элдик валюталардын баасы кандай өзгөргөнүнө баам салып турат.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Өткөн суткада Бишкекте доллар кымбаттап, евро, тескерисинче, бир аз арзандады. Ири май куюучу жайларда бензиндин баасы өзгөргөн жок.

Шаршемби күнкүгө салыштырмалуу бүгүн акча алмаштыруу жайларында доллар сатып алуу 6 тыйынга (84,37 сом), сатуу 5 тыйынга (84,75 сом) кымбаттады.

Евронун баасы коммерциялык банктар менен акча алмаштыруу пунктуларында мурдагыдан 67 тыйынга төмөн баада сатып алып (101,1 сом) жана сатып (102,45 сом) жатышат.

Күйүүчү майдын баасы мурдагыдай эле:

"Роснефть":

  • АИ-92 — 50,3 сом;
  • АИ-95 — 52,7 сом;
  • Дизель майы — 46,5 сом.

"Газпром нефть Азия":

  • АИ-92 — 50,5 сом;
  • АИ-95 — 52,9 сом;
  • Дизель майы — 46,5 сом.

Ал эми алтындын баасы түшүп, бир граммы 10,5 сомго арзаныраак сатыла баштады.

12
Белгилер:
баа, бензин, алтын, евро, доллар, Бишкек
Тема боюнча
Бишкектеги азык-түлүктүн баасы башка борбор калаалар менен салыштырылды
Россия президенти Владимир Путин АКШнын лидери Жо Байден менен Женевада жолугушуу учрунда

Көп маселеге мелженген так дискуссия. Ак үй Путин Байден саммитине баа берди

0
(жаңыланган 11:23 17.06.2021)
Путин менен Байдендин биринчи жолугушуусу шаршемби күнү Женева шаарында болуп, ал танаписти эске алганда 4,5 саатка созулду.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Россия менен АКШнын президенттери Владимир Путин жана Жо Байдендин Женевадагы саммити эрте аяктап, бир топ маселелер талкууланды. Бул тууралуу РИА Новости америка лидеринин администрациясындагы жогорку кызматтагы аткаминер учактын бортунда журналисттерге айтып бергенин жазды.

"Негизи алар сүйлөшүүсүн мурда айтылган мөөнөттөн эрте бүтүрүштү. Белгиленген кээ бир танапистерге чыккан жокпуз. Бирок президент (АКШ) алар бир топ маселелерди 1+1 форматында талкуулагандыгын билдирди", — деген аткаминер.

Ал эки президенттин сүйлөшүүсүн "так, эптүү, иштиктүү жана конфронтациясыз" деп атаган.

"Жыйынтыгында алар мурда даярдалган тексттерди окуп, жөн гана монолог айтышкан жок. Бул иштиктүү, бир топ маселелерге мелженген так дискуссия болду", — деп кошумчалаган Ак үйдүн өкүлү.

Ал АКШ тарабынан Россия жана Штаттардагы кибер чабуул жасоого "ылайыксыз" 16 сектордун тизмеси айтылганын билдирди. Ага химиялык, байланыш тармактары, дамбалар, аскердик өнөр жай комплекстери, ыкчам кызматтар, энергетика, финансылык кызмат көрсөтүү багыты, азык-түлүк чыгаруу өнөр жайы жана айыл чарбасы кирген.

Аткаминер, мындан сырткары, Байден менен Путин Украина кризисин ордунан жылдыруу, чечүү мүмкүндүгүн талкуулаганын, аны менен бирге эки өлкөнүн дипломатиялык миссияларынын чакырыктарын караштырууну макулдашканын айтты.

"Бул тармактардагы кызматташуу өзүнүн майнабын чын эле берер-бербесин көрүү үчүн убакыт керек. Биз али билбейбиз, бирок бул божомолдорду азыр текшерип тура алабыз", — деп сөзүн аяктаган Ак үй өкүлү.

Путин менен Байдендин биринчи жолугушуусу шаршемби күнү Женева шаарында болуп, ал танаписти эске алганда 4,5 саатка созулду. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча россиялык лидер АКШ президенти менен ведомстволор аралык деңгээлде стратегиялык туруктуулук жаатында сүйлөшүүлөрдү баштоо боюнча сөз бекиткендигин айтты. Анын билдиргенине караганда, эки тарап тең дүйнөдөгү стабилдүүлүк үчүн чоң жоопкер тараптардан экендигин сезип, билип турушат.

Мындан сырткары, президенттер биргелешкен билдирүү кабыл алышты. Анда Москва менен Вашингтондун өзөктүк курал согушунда жеңүүчү болбойт жана ал эч качан башталбашы керек деген принципти карманары айтылган. Бул принцип 1985-жылы СССР менен АКШнын лидерлеринин дал ушул Женевадагы жолугушуусунда да белгиленген эле.

0
Белгилер:
саммит, Жо Байден, Владимир Путин, Женева, АКШ, Россия
Тема боюнча
Россия менен АКШ лидерлери бири-бирине эмне белек бергени айтылды
Путин менен Байден RT жана Sputnik радиосунун ишин талкуулады