Тигүүчү. Архив

Кыргызстанда кайсы кесипке суроо-талап күч? Рейтинг

2367
(жаңыланган 16:55 25.05.2017)
Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына ылайык, учурда өлкөдө жеңил өнөр жай, айыл чарба, курулуш тармактары адистерге муктаж.

Ал эми Бишкек шаарында болсо, дарыгер, мугалимдер менен тигүүчүлөр тартыш. Окуу жылы аяктап абитуриенттер кесип тандоо алдында тургандыктан Sputnik Кыргызстан өлкөнүн эмгек базарында суроо-талап жогору болуп жаткан адистиктердин рейтингин жарыялоону эп көрдү.

Аталган рейтинг жеке ишканалар менен мамлекеттик мекемелердин суроо-талабынын негизинде аныкталды. Кесиптик окуу жайлар менен ЖОЖдор ушул адистиктерге көбүрөөк абитуриенттерди тартууга аракет кылышат.

2367
Белгилер:
суроо-талап, эмгек, кесип, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстанда аз айлык ала баштаган кесип ээлери. Тизме
Кыргызстанда мугалимдердин пенсиясын эки эсе көбөйтүү сунушталууда

Финполдун тергөөчүсүнө 250 миң сом пара берип жаткан адам кармалды. Видео

52
(жаңыланган 13:35 03.12.2020)
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Ысык-Көл облусунда кызмат адамына 250 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан адамды кармады.

Финполдун маалымат кызматынын билдиришинче, 1-декабрда Т.А. аттуу жаран кылмыш иши боюнча маселени өзүнүн пайдасына чечүүгө аракет кылып, тергөөчүгө ири өлчөмдөгү пара берип жаткан жеринен колго түшүрүлгөн.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Жазык кодексинин 328-беренеси ("Пара берүү") менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Ал эми кармалган адам Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө жүрүп жатат.

52
Белгилер:
тергөө, кармоо, пара берүү, финансы полициясы
Тема боюнча
"Кадастрдын" директору Абдумуктар Маматов коррупцияга шектелип кармалды. Сүрөт
Бука сатып берем деген. Ошто элди 1,5 млн. сомго алдап кеткен адам кармалды
Экс-премьер-министр Кубатбек Боронов. Архив

Кубатбек Боронов коронавируска кабылып, жандандыруу бөлүмүнө түштү

226
(жаңыланган 12:39 03.12.2020)
Маалыматка караганда, ал Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасында дарыланууда. Бейтап коронавируска кабылып, илдети өрчүп кетип невмонияга айланганы айтылып жатат.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Экс-премьер-министр Кубатбек Боронов коронавирус илдетине чалдыгып, жандандыруу бөлүмүнө түштү. Бул тууралуу ишенимдүү маалымат булагы билдирди.

Ага караганда, ал Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасында дарыланууда. Коронавирус илдети өрчүп кетип, пневмонияга айланганы айтылып жатат.

Ошондой эле ал жандандыруу бөлүмүндө, бирок абалы канааттандырарлык экени кошумчаланды.

226
Белгилер:
ден соолук, оорукана, пневмония, коронавирус, Кубатбек Боронов
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Коронавирус дагы 420 кишиден табылып, 400 бейтап айыкты