Кыргызстандагы кесиптик лицейлер 17 миң абитуриентти бюджеттик негизде кабыл алат

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүАшпозчулар. Архив
Ашпозчулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республика боюнча 100 кесиптик лицей бар, алар 85 адистик боюнча билим берет.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Кыргызстандагы кесиптик лицейлер жаңы окуу жылында 17 миң абитуриентти бюджеттик негизде кабыл алат. Бул тууралуу Башталгыч жана орто кесиптик билим берүү агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуу жайлар студенттерди жатакана, тамак-аш менен камсыз кылып, жакшы окугандарга стипендия чегерет.

Бул жылы лицейлер курулуш, автотранспорт жана туризм тармактарындагы кесиптерге басым жасайт.

Республика боюнча 100 кесиптик лицей бар, алар жыл сайын 85 адистик боюнча билим берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0