Июнь айына карата аба ырайы

Жазылуу
Кыргызстанда июнь айында күндүн табы 27 градуска чейин көтөрүлүп, жаан-чачындын көлөмү айлык норманын чегинде сакталат.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Өлкө аймагында июнь айында абанын орточо температурасы +27 градуска чейин жетет. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Кыргызгидрометтин метеорологиялык божомол бөлүмү билдирди.

Lexus автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте шамалдан улам терек жолтандабасты басып калды
Чүй жана Талас облустарында күндүн табы 29 градуска чейин көтөрүлсө, түнкүсүн +10го чейин жетет. Жаан-чачындын көлөмү айлык норманын чегинде сакталат.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күндүз абанын температурасы 28, түнкүсүн 22 градус жылуу болот. Жамгырдын көлөмү айлык нормадан ашпайт.

Ысык-Көл облусунда күндүз абанын орточо температурасы 25 градуска жетсе, түнкүсүн 9 градуска чейин нөлдөн жогору болору күтүлөт.

Нарын облусунда күндүз 22 градуска чейин жылуу болсо, түнкүсүн 8 градуска чейин жылуу болушу күтүлөт. Жамгырдын көлөмү айлык нормадан ашпай турганы айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0