Кыргызстандын биометрикалык паспортун Россия менен Казакстан тааныды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевРабота системы изготовления биометрических электронных паспортов
Работа системы изготовления биометрических электронных паспортов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эми КР жарандары аталган мамлекеттерге тоскоолдуксуз кирип-чыга алат.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Кыргызстандын жаңы биометрикалык паспортун Россия менен Казакстан тааныды. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Аталган өлкөлөрдүн тышкы иштер министрликтери паспортту тааный турганын айтышкан. Ага ылайык Кыргызстандын жарандары жаңы биометрикалык паспорт менен Казакстан менен Россияга тоскоолдуксуз кирип чыга алат.

Биометрикалык паспортту кантип алуу керектигин Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0