Саан уй жана кунаажындарды идентификациялоо аягына чыкты

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЖизнь чабанов в Республике Алтай
Жизнь чабанов в Республике Алтай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2018-жылдын башында жылкыларга идентификация жүргүзүлөт.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Республика боюнча саан уй жана кунаажындарды идентификациялоо иштери аягына чыккандыгын Sputnik Кыргызстан агенттигине Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Жаныбарлардын ден соолугун көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Мурат Абдраев билдирди.

"Азыркы тапта чогулган маалыматтарды базага киргизүү иштери жүрүп жатат. Иштин 60 пайызы бүттү. Сентябрь айына чейин уйларды толугу менен бүтүрүп, күздөн тарта өгүз жана букаларды идентификациялоо башталат", — деди Абдраев.

Анын айтымында, 2018-жылдын башында жылкылар каттоого алынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0