Кыргызстандагы президенттик шайлоого 671,5 млн. сом сарпталат

© Sputnik / Табылды КадырбековПресс-конференция алдында. Архив
Пресс-конференция алдында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоого кетчү каражатты эсептеп чыкан.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Октябрь айында өтө турган президенттик шайлоону өткөрүү үчүн 671,5 миллион сом керектелет. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, чыгымдар 14-июнда эсептелген.

"Шайлоого кете турган чыгымдар 671 миллион 502 миң сомду түзөт. Эгер экинчи тур болуп калса, ага анын 132 миллион сому жумшалат. Болбой калса акчаларды үнөмдөп калабыз", — деди Шайлдабекова.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйын учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
БШК: бул жолку президенттик шайлоо тарыхтагы эң таза, адилет шайлоо болуп калат
Ошондой эле БШК төрайымы аталган каражат эмнеге сарптала тургандыгын дагы айтып, ал бир катар беренелер боюнча коротулат.

Алсак, өлкө аймагындагы шайлоо участогунда иштеген 24 миң кишиге эмгек акы катары 281 миллион сом өлчөмүндө акча бөлүнөт. Аларга бир айда эки миң сом төлөнсө, операторлорго үч миң сомдон акы берилет.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңеш 14-июнда токтом кабыл алып шайлоо күнүн 15-октябрга белгилеген

Ага ылайык, 15-июндан тарта президент болууну каалагандар өз талапкерлигин көргөзө ала алышат

Жаңылыктар түрмөгү
0