Муфтият орозо айттын күнүн жылдырды

Жазылуу
Буга чейин орозо айт 26-июнь күнү болору айтылган.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Муфтият орозо айттын күнүн жылдырды. Бул тууралуу муфтияттын маалымат катчысы Максат Атабаев билдирди.

Буга чейин орозо айт 26-июнь, дүйшөмбү күнгө белгиленгени кабарланган

"Ислам шариятында орозо айт күнү жаңы чыккан айдын көрүнүүсүнө карап аныкталат. Андыктан орозо айт 25-июнь күнү деп бекитилди. Бул акыркы чечим", — деди Атабаев.

Эмгек кодексине ылайык, 26-июнь эс алуу күнү болуп саналат.

Ыйык Рамазан айында ооз бекитүү (имсак) жана ооз ачуу (ифтар) убактысын 2017-жылдын орозо календарынан караңыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0