Жумакадыров: былтыр Кыргызстанда күч түзүмдөрү 17 терактынын алдын алды

Жазылуу
Жумакадыров террорчулук чыныгы коркунуч жаратчу жагдай экенин баса белгиледи.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Террорчулукка каршы өткөрүлгөн 2016-жылдагы иш-чаранын алкагында эл аралык үч террордук уюмдун мүчөсү жок кылынып, республика боюнча 17 терактыны алдын алуу иштери жүргүзүлдү. Бул туурасында КРдин Коопсуздук Кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров Кыргызстанда өткөн ЕАЭБ өлкөлөрүнүн Террорчулукка каршы уюштурулган Бишкек форумунда айтты.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКРдин Коопсуздук Кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров
Секретарь Совета обороны Кыргызстана Темир Джумакадыров - Sputnik Кыргызстан
КРдин Коопсуздук Кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров

Жумакадыров террорчулук — чыныгы коркунуч жаратчу жагдай экенин баса белгиледи.

"Биз террордук аракеттерге каршы турушубуз керек — бул бир эле мамлекетке эмес, цивилизициялык өлкөлөрдүн бардыгына тиешелүү тапшырма. Биз арсеналдын жайылышын жана жаман ниетин жүзөгө ашырууну көздөгөн эл аралык террордук аракеттерди дайым көзөмөлдөп турабыз", — деди ал.

Кыргызстан отпраздновал 24-ю годовщину обретения суверенитета. - Sputnik Кыргызстан
КР бейпилдикти сүйгөн өлкө рейтингинде АКШ менен Кытайдан озду
Ошондой эле ал террорчулукка каршы өткөрүлгөн 2016-жылдагы иш-чаранын алкагында эл аралык үч террордук уюмдун мүчөсү жок кылынганын айтты.

"Республика боюнча 17 терактыны алдын алуу иштери жүргүзүлүп, экстремисттик жана террорчулук боюнча 95 адам кылмыш жоопкерчилигине тартылган", — деди Жумакадыров.

Ал ошондой эле Кыргызстандагы радикалдашуу менен жана экстремизмге байланышкан көйгөйлөр ондогон жылдар диний чөйрөнүн өнүгүүсүн социалдык көрүнүш катары кабыл алынып маселеге көңүл бурулган эместигин айтып, айрым учурларда көйгөй четке чыгып калып келгендигин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0