Мамлекеттик сыйлыктардын айрымдарын жоюу сунушталды

Жазылуу
Мурдагы мыйзамда мамлекеттик сыйлыктарды белгилөө, көрсөтүү жана ыйгаруу жаатында көптөгөн карама-каршылыктар орун алганы айтылууда

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңеште "Мамлекеттик сыйлыктар жана ардак наамдар" жана "Мамлекеттик сыйлыктарды белгилөө" жөнүндөгү мыйзам долбоорлору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.

Кыргызстандын эл артисти, аткаруучу Зейнеп Шакеева - Sputnik Кыргызстан
Зейнеп Шакеева: менин бактыма Түгөлбай акжолтой болду окшойт
Өкмөттүн билдирмесине караганда, мурдагы мыйзамда мамлекеттик сыйлыктар менен ардак наамдарды белгилөө, көрсөтүү, ыйгаруу жана тапшыруу жаатында көптөгөн карама-каршылыктар орун алгандыктан аны кайрадан иретке келтирүү зарылдыгы жаралган.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда "КР Баатыры" наамы — эӊ жогорку артыкчылык даражасы, ордендер I категориядагы, медалдар II категориядагы, КР Ардак грамотасы III категориядагы сыйлыктар катары каралган. Андан тышкары, "Даӊк" менен "Достук" ордендерин белгилөө жана айрым наамдарды жоюу сунушталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0