Кыргызстанда ар бир 14 саатта бир киши ВИЧ дартына чалдыгат

© Sputnik / Табылды КадырбековРеспубликанский центр крови в Бишкеке
Республиканский центр крови в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал эми сифилис дарты ВИЧке салыштырмалуу жай жайылат.

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Кыргызстандыктар кандай оорулар менен көп ооруй турганын Улуттук статистика комитети маалымат таратты.

Мекеменин билдиришинче, 2016-жылы ВИЧ дартына 627 киши кабылган (100 миңдин 13үнө туура келет). Бул көрсөткүч ар бир 14 саатта бир кишиге ВИЧ дарты жугат дегенди түшүндүрөт. 

КРде инфекциялык оорулар менен жабыркагандар (100 миң кишиге)
Кыргызстанда ар бир 14 саатта бир киши ВИЧ дартына чалдыгат - Sputnik Кыргызстан
КРде инфекциялык оорулар менен жабыркагандар (100 миң кишиге)

Ошондой эле кургак учук жайылуусу дагы курч. Алардын саны миң кишиге бир киши туура келет. Бирок 2015-жылга салыштырмалуу бул дартка кабылгандардын саны 7 пайызга азайган.

Сасык тумоодон жабыркагандардын саны да өскөн (100 миң кишиге 36 киши туура келет). Ал эми менингит менен ооругандар азайган. Мисалы 2015-жылга салыштырмалуу бул дарттан жабыркагандардын саны беш эсе төмөндөгөн.

ВИЧ дартынын жыйылышы боюнча Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0