Эң арзан эт Кыргызстандын кайсы аймагында сатылат? Тамшанткан рейтинг

© Sputnik / Томас Тхайцук / Медиабанкка өтүүПриготовление мяса в Абхазии
Приготовление мяса в Абхазии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik кайсы жерден арзан баада акчага уй, кой, тоок этин жана колбаса сатып алууга болорун билип көрдү.

Улуттук статистика комитети Кыргызстандагы этсиз жашай албагандардын каражатын үнөмдөй турган аймактарды аныктады. Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги арзан баада эт саткан шаарлардын рейтингин түзүп чыкты.

Кыргызстандын шаарларында сатылган уй этинин баасы сом менен
Эң арзан эт Кыргызстандын кайсы аймагында сатылат? Тамшанткан рейтинг - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын шаарларында сатылган уй этинин баасы сом менен

Ведомствонун маалыматына ылайык, уйдун этин эң арзан баада Жалал-Абаддын Кербен шаарынан таба аласыз. Ал жакта анын бир киллограммы 260 сомдон сатылат. Экинчи сапта Кара-Балта — 175 сом, үчүнчүдө Оштун Ноокат шаары — 280 сом. Ал эми эң кымбат эт Нарында сатылат. Ал жакта килограммы 326 сомду чамалайт.

Кыргызстандын шаарларында сатылган кой этинин баасы сом менен
Эң арзан эт Кыргызстандын кайсы аймагында сатылат? Тамшанткан рейтинг - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын шаарларында сатылган кой этинин баасы сом менен

Ал эми койдун этин эң арзан баада саткан Каракол шаары болду. Ал жерде килограммын 272 сомдон аласыз. Кийинки орунда Кара-Балта менен Токмок (276 жана 277 сомдон) турат. Баарынан кымбат баа койгон Баткен шаары. Кой этин бул жерден 350 сомдон сатып алууга болот.

Кыргызстандын шаарларында сатылган тоок этинин баасы сом менен
Эң арзан эт Кыргызстандын кайсы аймагында сатылат? Тамшанткан рейтинг - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын шаарларында сатылган тоок этинин баасы сом менен

Тоок этин арзан баада саткан аймактардын сап башына Токтогул шаары турат. Ал жактан бир килограммын 110 сомго аласыз. Мындан 10 сомго кымбат саткан Токмок шаары экинчи катарда. Ал эми үчүнчү орунду Кара-Балта,Ноокат, Бишкек шаарлары бөлүп калган. Ал жакта орточо баа 121 сомду түзөт. Ал эми килограммын 145 сомдон саткан Исфана эң кымбат шаар деп табылды.

Кыргызстандын шаарларында сатылган жарым-жартылай ышталган колбасанын баасы сом менен
Эң арзан эт Кыргызстандын кайсы аймагында сатылат? Тамшанткан рейтинг - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын шаарларында сатылган жарым-жартылай ышталган колбасанын баасы сом менен

Ышталган колбасаны баарынан арзан саткан Өзгөн менен Кара-Суу: ал жакта килограммы 230 сомдон. Экинчи орунда Исфана — 297 сом. Үчүнчү орунда Балыкчы — 315 сом. Эң кымбат колбаса Токмокто, бир килограммы 400 сомдон сатылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0