Жыл башынан бери 96 киши сууга чөксө, алардын 30у балдар

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүКрещенские купания в Московской области
Крещенские купания в Московской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ысыктын күнү сууга түшүп жатканда жөнөкөй эрежелерди сактоо керектигин эскертет

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Жыл жаңыргандан бери түрдүү жагдайларда 96 киши сууга чөгүп кеткен. Алардын 57си эркек, 9у аял жана 30у балдар экенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Аймактар боюнча алып караганда абал төмөндөгүдөй:

  • Чүй облусу — 28 киши;
  • Жалал-Абад облусу — 17 киши;
  • Ош облусу — 12 киши;
  • Ысык-Көл облусу — 10 киши;
  • Ош шаары — 8 киши;
  • Талас облусу — 7 киши;
  • Баткен облусу — 7 киши;
  • Нарын облусу — 4 киши;
  • Бишкек шаары — 3 киши.

Маалыматка ылайык сууга түшүп каза болгондордун ичинен 64 киши 1-июндан 24-июлга чейинки учурда чөгүп кеткен. Эки айдын ичинде каза болгондордун 36сы эркек, бешөө аял жана 23чү балдар болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ысыктын күнү сууга түшүп жатканда жөнөкөй эрежелерди сактоо керектигин эскертет.

Сууга түшүүгө эмнелерди кылууга болбой турганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар>>

Сууга чөккөн адамга биринчи жардамды кантип көрсөтүү керек экенин Sputnik Кыргызстандын видеосунан тааныша аласыз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0