Катары суюлган дарыгерлер. Рейтинг

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүИнклюзивная школа в Челябинской области
Инклюзивная школа в Челябинской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук статистика комитети жыл сайын түрдүү адистик боюнча иштеген дарыгерлердин санын чыгарып келет. Sputnik агенттиги арасы суюлуп бараткан дарыгерлерди чогултту.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Кыргызстан эгемендүүлүгүн алгандан бери кайсы адистиктеги дарыгерлер азайып жатканын Улуттук статистика комитети эсептеп чыккан.

Операция на позвоночнике - Sputnik Кыргызстан
Адамды ажал оозунан сууруп алган кыргызстандык 10 дарыгер
Ага ылайык Sputnik Кыргызстан агенттиги суюлуп бараткан дарыгерлердин рейтингин түздү.

Статистикага караганда, дарылоочу дене тарбия жана спорт тармагындагы дарыгерлердин саны дароо 5 эсеге азайган.

Ал эми педиатрлардын саны үч эсеге азайып, учурда өлкө боюнча 788 гана дарыгер бар. Эң азайган дарыгерлердин үчүнчүсү тери жана венерологиялык оорулар боюнча дарыгерлер. Алар 37 пайызга азайган.

Фтизиатрлар, нарколог жана санитардык эпидемиологияга каршы адистер отуз пайызга төмөндөгөн.

Ал эми невропатологдордун саны эгемендүүлүк алгандан бери 16 пайызга көбөйгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0