Жамгыр жаайт! Аба ырайынын бир жумага карата божомолу

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүДождь в Москве
Дождь в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Кыргызгидромет 4-10-август аралыгындагы аба ырайы божомолун жарыялады.

Синоптиктердин маалыматына караганда, 4-5-6-августта көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Ал эми 7-августта күн ачылса, 8-9-10-августта кээ бир тоолуу райондордо өткүн өтүп күн күркүрөшү күтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0