Телефон менен сүйлөшүп жаткан кыздын архивдик сүрөтү

Кыргызстанда виртуалдык уюлдук оператор түзүү пландалууда

151
"Виртуалдык оператор" башка компаниянын инфраструктурасын колдонуп, кызматтарды өзүнүн бренди менен көрсөтөт

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. "Кыргызтелеком" ачык акционердик коому жаңы мобилдик байланыш долбоорун ишке киргизип, LTE технологиясынын негизинде маалымат жеткирүү иштерин "КТ Мобайл" туунду компаниясы аркылуу ишке ашырууну пландап жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлк фондусунун коллегиясында "Кыргызтелекомдун" жетекчиси Нурлан Мадаминов билдирди.

Анын айтымында, долбоорду ишке ашыруу максатында аз чыгым келтире турган оптималдык варианттар каралууда. Ошондой эле Run Sharing жана MVNO (виртуалдык оператор) технологиясы боюнча долбоорду ишке киргизүү маселеси талкууланып жатат.

"Долбоорду насыялык каражаттын негизинде ишке ашыруу пландалууда. Учурда бизнес план аяктоо алдында турат", — деди Мадаминов.

Уюлдук байланыштын виртуалдык оператору (MVNO, mobile virtual network operator) — бул башка компаниянын инфраструктурасын колдонгон оператор. Бирок кызматтар өзүнүн бренди менен сатылат.

100 пайыз акциясы мамлекетке караган "Альфа Телеком" ири уюлдук операторду сатууга былтыр эки ирет аракет көрүлгөн. Биринчи жолкусунда баасы 19 миллиард сом деп бааланса, экинчисинде 13,5 миллиард сомго чейин түшкөн. Экөөндө тең компанияны сатып алууну каалагандар чыкпай, аукцион ишке ашпай калган. 

151
Белгилер:
Кыргызтелеком, MegaCom
Тема боюнча
Россиядагы кыргыздар өздөрүнүн социалдык тармагын ачышты
Багы ачылбаган MegaCom. Эми аукцион аркылуу эмес, түз сатылышы мүмкүн
Футболисттер машыгып атат. Архивдик сүрөт

КРдеги футболдук үч клубга айып салынды. Машыктыруучу 50 миң сом төлөйт

44
Дисциплинардык комитет оюн талаасында күч колдонгон, үчтөн ашык эскертүү алган жана маалымат жыйынга катышпаган тараптарга айып салды.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Бир катар жергиликтүү футболдук клубдарга айып пул салынды. Бул тууралуу Кыргыз футбол кеңешинен (КФК) билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган бирикменин дисциплинардык комитети "Алай" футбол клубунун машыктыруучусу Бакыт Маматовго 50 миң сом айып пул салып, алты айга спорттук ишмердүүлүккө катышууга тыюу салды.

Кыргызстандык футболчу Гүлжигит Алыкулов УЕФАнын мелдешинде ойнойт

КФК эреже бузган "Алга" клубун 2000 сомго, "Алай" командасын 3500 сомго, "Абдыш-Атаны" 2000 сомго төлөмөр кылган.

Алар оюн талаасында бирөөгө карата күч колдонуп, үчтөн ашык эскертүү алып, уюштурулган маалымат жыйындарына катышкан эмес.

 

44
Белгилер:
клуб, айып пул, футбол, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстандык футболчу Гүлжигит Алыкулов УЕФАнын мелдешинде ойнойт
Шоро премьер-лигасынын беттештеринде тең чыгышты. Күйөрмансыз оюндар
Криштиану Роналду эзелки атаандашы Лионель Мессинин клубуна өтөбү?
Эгин талаа. Архив

Жумага карата аба ырайы

34
(жаңыланган 21:03 13.08.2020)
Синоптиктер 14-августта түнкүсүн өлкөнүн кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөрүн маалымдашты.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Жума күнү, 14-августта, күндүз республиканын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, дыйканчылык аймактарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +27...+32, Талас аймагында +26...+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +29...+34, Ысык-Көл жана Нарын жергесинде +20...+25 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +29...+31, Ош калаасында +32...+34 градуска чейин жетсе, Чолпон-Атада термометрдин көрсөткүчү +22...+24 градуска көтөрүлөт.

34
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Шашылыш билдирүү! Бүгүн, эртең тоолуу аймактарда сел жүрөт