Кыргызстанда жаңы 5 айыл пайда болот

Жазылуу
Аталган айылдар Ош облусунун карамагына кирет

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана улуттар аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик беш аймакка айыл деген макам берүүнү демилгелеп жатат. Аталган норманы камтыган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Агенттиктин билдиришинче эл жашаган 150гө чукул аймактын атайын макамы жок. Алардын ичинде Ош облусундагы Бодур-Таш, Жапалак, Медресе, Мээркан жана Качыбек аймактары бар.

"Аталган жерлердин жашоочулары чогулуш өткөрүп, айыл деген макам берүү чечимин кабыл алышкан. Чечим жергиликтүү бийлик жана айылдык депутаттар тарабынан бекитилген. Учурда бардык тиешелүү документтер толтурулду", — деп жазылат маалыматта.

Мамлекеттик агенттик эгерде беш аймакка статус берилсе бир топ көйгөйлөр чечилерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0