Болсун! Кыргызстанда ак илбирстин тукуму көбөйүүдө

© Фото / Влад УшаковТоп-10 самых редких и исчезающих видов животных Кыргызстана
Топ-10 самых редких и исчезающих видов животных Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тоого коюлган фотокапкандар Кыргызстанда ак илбирстин башы көбөйгөнүн тастыктап турат

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Кыргызстанда ак илбирс көбөйүп жатканын Германиянын айлана-чөйрөнү коргоо союзунун (NABU) жетекчиси Урланбай Сулайманов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, эгер 2013-жылы ак илбирстин саны 307 болсо, азыркы күндө 500гө чейин жетти. Жаныбарлардын башынын көбөйгөнүн "Барс" деп аталган браконьерликке каршы тобунун дагы көзөмөлдөөсү тастыктап турат.

"Алар тоого фотокапкан коюп, компьютердин жардамы менен санап турушат. Бир эле илбирс экинчи жолу саналбайт, себеби программа аларды терисине карап аныктайт. Иликтөө жаныбарлардын көбөйгөнүн тастыктады", — деди Сулайманов.

Ак илбирс – тоолордун падышасы - Sputnik Кыргызстан
Тоо падышасы – ак илбирс
Ал өз сөзүндө ак илбирс учурда жоголуп бараткан жаныбарлардын катарында экенин баса белгиледи. Андыктан жандыктын башын көбөйтүү үчүн ак илбирске аңчылыкка тыюу салуу керектигин кошумчалады.

Учурда Ысык-Көлдүн Ананьево айылындагы жапайы жаныбарлардын реабилитациялык борборунда үч илбирс бар. Аларды капкан менен кармап, Кыргызстандан алып чыгууга аракет кылган маалда браконьерлер Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан кармалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0