Канча адам Ала-Тоого кол шилтеп кетти? Кыргыз жарандыгынан баш тарткандар

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOПразднование 26-летия независимости КР на площади Ала-Тоо в Бишкеке
Празднование 26-летия независимости КР на площади Ала-Тоо в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алар 2016-жылы Кыргызстандын жараны болууну каалабайбыз деген документке кол коюшкан. Ким булар?

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Кыргызстандын кайсы жараны түндүк түшүрүлгөн паспорттон баш тартып кеткенин Sputnik Кыргызстан агенттиги билип көрдү.

Президенттин расмий сайтындагы маалымат боюнча 2016-жылы 2754 адам кыргыз жарандыгы менен кош айтышкан. Алардын 1546сы — аял, 1208и — эркек кишилер.

Кыргызстандын жаранынын паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чет элдиктердин эсебинен башыбыз көбөйүп... КР жарандыгын кимдер алды
Мурунку мекендештердин ондон жети бөлүгү Кыргызстанда туулган. Алардын беш пайызынын мекени Россия болуп саналат. Жүз кишинин үчөө Казакстанда жарык дүйнөгө келген. Ал эми 445 адамдын кайсы жерде туулганы белгисиз.

Алардын жарымы, тагыраак айтканда, 1339у — орус улутундагылар, кыргыздар — 267, өзбектер — 220. Мындан сырткары, кыргыз жарандыгынан баш тарткандардын катарында 92 татар, 66 украин, 40 корей, 24 еврей жана 15 казак бар.

Статистика боюнча Кыргызстандын жарандыгынан чыгып кеткендердин басымдуу бөлүгү же болбосо 31 пайызы 30дан 45 жашка чейинкилер. Алардын 30,5 пайызы 18-30 жаштагылар.

Ал эми 2016-жылы 75 жаштан жогорку 16 жаран кыргыз жарандыгынан баш тартып кеткен. Алардын эң улуусу 91 жашта.

Жаңылыктар түрмөгү
0