Кыргызстанда президенттик шайлоого карата үгүт иштери башталды

Жазылуу
Үгүт иштери туура 35 күн уланып, шайлоого бир сутка калганда токтотулат.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Президенттик шайлоонун үгүт иштери 10-сентябрдан тарта расмий түрдө башталганын Боршайкомдун төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Белгилей кетсек, президенттик шайлоо 15-октябрга белгиленген.

"Талапкерлер жана аларды жактоочулар үгүт иштерин жүргүзө алат. Эми шайлоочулар менен жолугушуп, баннерлерди илсе болот. Үгүт иш-чаралары 14-октябрда эртең мененки саат 8:00дө аяктайт. Башкача айтканда шайлоого туура бир сутка калганда токтотулат. Үгүт иштеринин мөөнөтү 35 күндү түзөт", — деди Бекматов.

Президенттикке талапкерлерди каттоо 10-сентябрда аяктады.

Жаңылыктар түрмөгү
0