БШК: көпчүлүк катталган жеринен эмес, Бишкек менен Оштон добуш берүүнү каалайт

© Sputnik / Табылды КадырбековДобуш берип жаткан шайлоочу. Архив
Добуш берип жаткан шайлоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Форма №2 — катталган жеринен эмес, жашаган жеринен добуш берүү жөнүндөгү арыз.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Айрым кыргызстандыктар каттоого турган жеринен эмес, учурда жашап жаткан жеринен добуш берүүгө дилгир экенин президенттик шайлоого арналган Коопсуздук кеңешинин жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Бүгүнкү күндө шайлоо дареги боюнча 42 миң жаран добуш берүүгө даяр.

"Мындай көрүнүш Бишкек менен Ош шаарларында көп кездешет. Бул студенттер жана Улуттук статистикалык комитеттин облустар аралык миграция боюнча маалыматы менен байланыштуу", — деди Шайлдабекова.

Президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев: кыргызстандыктар ыплас шайлоону кабыл алышпайт
БШК жетекчиси коомдук көзөмөлдү жана ачык-айкындуулукту камсыздоо үчүн бир катар чаралар көрүлүп жатканын, алсак, эки күндө бир жолу тизме жаңыланып жатканын кошумчалады.

Шайлдабекова буга чейин форма №2 (жашаган жеринен эмес, катталган жеринен добуш берүү боюнча арыз) "жең ичинен сатып алуу" катары бааланып келсе, бүгүнкү күндө жаңы эрежелер киргизилгенин белгиледи. Эми бул арызды шайлоочу өзү тапшырып, атайын кагазга чыгарылат.

Вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев ушу тапта биометрикалык маалымат тапшыргандардын саны 3 миллион 55,4 миң кишиге жеткенин айтты.

"8-сентябрга карата шайлоочулардын тизмесине 2 миллион 93,5 миң адамдын аты-жөнү кирди. Алардын 30,1 миңи биринчи жолу шайлоого катышып жаткандар", — деди аткаминер.

Шайлоого 10 күн калганда акыркы тизме даяр болот.

Зилалиев шайлоочуларды идентификациялоо иштерине 9500 оператор тартыла турганын, күч түзүмдөрү шайлоо маалындагы коопсуздукка көзөмөл кыларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0