Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековПодготовка к празднованию Нооруза
Подготовка к празднованию Нооруза - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү өлкөнүн айрым аймактарында кыска мөөнөттүү жамгыр жаап, тоолорго кар түшүшү күтүлүп жатканын Кыргызгидромет кабарлады.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Чүй менен Таласта абанын температурасы 22…27 градускка чейин жылыйт. Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында 24…29 градус жылуу болот. Ысык-Көлдө 18…23, ал эми Нарында 21…16 градус жылуу болушу күтүлүп жатканы айтылды.

Бишкекте күндүн табы 25…27, Ош шаарында 27…29 градус ысык болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0