Жума күнүнө карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Жума күнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жана Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда бир аз жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Ал эми калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

"Бишкек менен Ош калааларында күн ачык болуп, 29 градуска чейин жылыйт", — деп жазылат маалыматта.

Чүй, Талас өрөөнүндө 22…27, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 25…30, Ысык-Көл, Нарында 18…23 градус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0