Дем алышта күн суук тартып, тоолорго кар жаайт

© Sputnik / Табылды КадырбековШквалистый ветер и снег на выходные прогнозирует МЧС
Шквалистый ветер и снег на выходные прогнозирует МЧС - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, ошондой эле жайыттарда малды кармоону кыйындатарын ӨКМ эскертет.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. 29-30-сентябрь күндөрү аба ырайы кесин өзгөрүп, тоолуу аймактарга кар жаай турганын ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ал эми 30-сентябрда күндүз айрым жерлерде жаан жаап, тоолордо кар түшүп, кээ бир райондордо жаан нөшөргө айланат.

"Чүй жана Талас облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы мүмкүн. Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетет", — деп айтылат маалыматта.

Жамгын учурунда көчөдө бараткан шаар тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сак болуңуз, үшүк жүрөт. Октябрь айына карата аба ырайы
29-сентябрда абанын температурасы төмөндөп, Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн +1…+6 градус, күндүз +6…+11 градус, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн +7…+12, күндүз +15…+20 градус жылуу болору айтылууда.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, ошондой эле жайыттарда малды кармоону кыйындатарын ӨКМ эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0