Жума күнүнө карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековЖамгын учурунда көчөдө бараткан шаар тургундары. Архив
Жамгын учурунда көчөдө бараткан шаар тургундары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетет

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Жума күнү эртең менен көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоо этектеринде жаан карга айланышы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Бишкекжылуулукэнерго ишканасында жаңы гелиоколлекторлордун — күндүн энергиясын топтой турчу жабдуунун бет ачары болду - Sputnik Кыргызстан
Ап, бали! Бишкекте күндүн энергиясы колдонула баштады
Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетет.

Чүй, Талас өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 1…6, күндүз 6…11, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 5…10, күндүз 11…16 градус жылуу болот.

Бишкекте 10, Ош шаарында 18 градус жылуу болуп, маал-маалы менен жамгыр жаайт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа кыймылын, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0