Эгиз балдарды көтөрүп турган аял. Архив

Сүйүнчү жана жөлөк пул качан жана кандай шартта берилет? 7 суроого жооп

21364
(жаңыланган 17:06 06.10.2017)
Мыйзам 2018-жылдын биринчи январынан тарта күчүнө кирмекчи

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Балдардын абалын жакшыртуу максатында эл өкүлдөрү Карамат Орозова менен Аида Касымалиева демилгелеген "Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө" мыйзамды Жогорку Кеңеш колдоп, президент Алмазбек Атамбаев август айынын башында ага кол койгон.

Мыйзам качан күчүнө кирип, кимге кандай жөлөк пул берилет деген суроолордун тегерегинде Sputnik Кыргызстан агенттигине социалдык өнүктүрүү министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар жана акчалай компенсациялар башкармалыгынын башчысы Жыпара Рысбекова кененирээк жооп берди.

Сүйүнчү жана жөлөк пулдар качан бериле баштайт?

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жөлөк пулдары жөнүндө" мыйзам долбоору 2018-жылдын биринчи январынан тарта күчүнө кирет.

Сүйүнчү жана жөлөк пулдун айырмасы. Кимдерге канча сомдон акча чыгат?

Балдарга берилчү акча өлкө казынасынан каржыланат. Мыйзам долбоордун демилгечилери бул төлөмдөрдүн болжолдуу суммасын төмөнкүчө бекитишкен:

  • "Балага сүйүнчү" – ымыркай төрөлгөндө бир ирет берилчү акча — 4 миң сом;
  • "Балага жөлөк" — үч жашка чейинки ар бир баланы багууга каралган ай сайын берилчү жөлөк пул – 700 сом;
  • "Үй-бүлөгө көмөк" — 3төн 16 жашка чейинки ар бир үчүнчү балага ай сайын берилчү жөлөк пул – 500 сом.

Акча ымыркайдын баарына эле бирдей берилеби?

Жаңы төрөлгөн бардык балдарга ата-энесининин турмуш шартына карабастан бирдей акча — 4000 сом берилет. Ал эми жөлөк пулдун көлөмү ымыркай үч жашка чыкканга чейин айына 700 сомдон кем да, ашык да болбойт. Бул акча ата-эненин иштеп же үйдө отурганына карабастан берилет. Бирок балдар үйлөрүнө өткөрүп берилген наристе жөлөк пул да, сүйүнчү акча да ала албайт.

Шаар менен айылдагыларга акча кандай чыгат?

Алыскы аймакта болобу, тоолуу жерлерде же шаарда жашайбы, айтор, жашаган аймагына карабай жаңы төрөлгөн ымыркайдын баарына тең бирдей акча чыгат.

Кандай документтер керек?

Ата-энесинин паспорту (ажырашкан үй-бүлөдө баланы ким багып жатса ошонун паспорту талап кылынат);

  • Баланын күбөлүгү;
  • Жашаган жеринен справка.

Эгер баккан бала болсо мыйзамдуу түрдө багып алууга уруксат берген соттун чечими керек.

Сүйүнчү, жөлөк пулду 2018-жылы төрөлгөн балдар гана алабы?

Сүйүнчү пулду 2018-жылдын 1-январынан баштап төрөлгөн балдар гана алат. Ал эми үч жашка чейин төлөнө турган жөлөк пулду баласы үчкө чыга электер да ала алат. Болгону 1-январдан тарта тийиштүү документтерди социалдык өнүктүрүү бөлүмдөрүнө өткөрүп коюш керек. Мисалы, эгер балаңыз эки жашта болсо, документтерди тапшыргандан кийин бир жыл бою ай сайын 700 сомдон жөлөк пул алып тура аласыз.

Ал эми "үй-бүлөгө көмөк" үй-бүлөдө төрөлгөн үчүнчү баладан баштап берилет. Мындан улам алар да келерки жылдын январь айында тийиштүү документтерин дароо тапшырышы керек.

Буга чейин чегерилген жөлөк пул алгандардын акчасы кандай болот?

Жаңы мыйзам күчүнө киргенден кийин мурунку жөлөк пул да жаңырат.

Сүйүнчү акча, жөлөк пулду кайдан алууга болот?

Тийиштүү документтерди өткөргөндөн кийин банктан же почтадан алынат.

21364
Белгилер:
жөлөк пул, ымыркай, жардам, Кыргызстан
Тема:
Жөлөк пул (30)
Тема боюнча
Кыргызстандын көп балалуу аймактары. Рейтинг
Футболисттер машыгып атат. Архивдик сүрөт

КРдеги футболдук үч клубга айып салынды. Машыктыруучу 50 миң сом төлөйт

80
Дисциплинардык комитет оюн талаасында күч колдонгон, үчтөн ашык эскертүү алган жана маалымат жыйынга катышпаган тараптарга айып салды.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Бир катар жергиликтүү футболдук клубдарга айып пул салынды. Бул тууралуу Кыргыз футбол кеңешинен (КФК) билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган бирикменин дисциплинардык комитети "Алай" футбол клубунун машыктыруучусу Бакыт Маматовго 50 миң сом айып пул салып, алты айга спорттук ишмердүүлүккө катышууга тыюу салды.

Кыргызстандык футболчу Гүлжигит Алыкулов УЕФАнын мелдешинде ойнойт

КФК эреже бузган "Алга" клубун 2000 сомго, "Алай" командасын 3500 сомго, "Абдыш-Атаны" 2000 сомго төлөмөр кылган.

Алар оюн талаасында бирөөгө карата күч колдонуп, үчтөн ашык эскертүү алып, уюштурулган маалымат жыйындарына катышкан эмес.

 

80
Белгилер:
клуб, айып пул, футбол, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстандык футболчу Гүлжигит Алыкулов УЕФАнын мелдешинде ойнойт
Шоро премьер-лигасынын беттештеринде тең чыгышты. Күйөрмансыз оюндар
Криштиану Роналду эзелки атаандашы Лионель Мессинин клубуна өтөбү?
Эгин талаа. Архив

Жумага карата аба ырайы

49
(жаңыланган 21:03 13.08.2020)
Синоптиктер 14-августта түнкүсүн өлкөнүн кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөрүн маалымдашты.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Жума күнү, 14-августта, күндүз республиканын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, дыйканчылык аймактарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +27...+32, Талас аймагында +26...+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +29...+34, Ысык-Көл жана Нарын жергесинде +20...+25 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +29...+31, Ош калаасында +32...+34 градуска чейин жетсе, Чолпон-Атада термометрдин көрсөткүчү +22...+24 градуска көтөрүлөт.

49
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Шашылыш билдирүү! Бүгүн, эртең тоолуу аймактарда сел жүрөт
Беларустагы башаламандыктын катышуучусун кармап жаткан милиция кызматкери

Беларустагы башаламандыкта 68 кабарчы кармалып, 20дан ашыгы дагы эле камакта

0
(жаңыланган 23:57 13.08.2020)
Буга чейин бир катар жергиликтүү жана чет элдик кабарчыларга карата күч колдонуп, аларды камакка алган фактылар болгон.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Беларуста укук коргоо кызматкерлери 9-августтан бери 68 кабарчыны кармаган, 20дан ашыгы дагы эле камакта. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

Беларустагы журналисттер ассоциациясынын маалыматына ылайык, 23 журналист камакта.

"13-август саат 17.40ка карата 23 журналист камакта жатат. 9-августтан бери жалпы 68 кабарчы кармалган. Аларга карата күч колдонгон 29 учур катталган", — деп жазылган ассоциациянын Telegram-каналында.

Лукашенко: митингге чыккандарды чет мамлекеттен туруп көзөмөлдөшкөн

Башаламандыкта буга чейин "Комсомольская правданын" журналисти менен айдоочусу сабалган. Кийин жергиликтүү погончондор BBC кызматынын үч кызматкерине кол салган деп айтылат маалыматта. Андан сырткары, Onliner порталынын эки кабарчысына күч колдонуп кармаган.

Ага чейин бир катар россиялык жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү да колго түшүп, айрымдарын Беларусь беш жылга өлкө аймагына кирүүгө тыюу салып, коё берген.

0
Белгилер:
кармоо, журналист, Беларусь
Тема:
Беларустагы нааразылык акциялары
Тема боюнча
Минскидеги башаламандык таңга жуук токтоду
Лукашенко: митингге чыккандарды чет мамлекеттен туруп көзөмөлдөшкөн