Шашылыш билдирүү: күн -4 градус болуп, үшүк жүрөт

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүКол чатырчан аял. Архив
Кол чатырчан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай аба ырайы жыйналбаган жашылча жемиштерге залакасын тийгизиши мүмкүн

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде аба ырайы температурасы —2…-4 градуска түшүп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, мындай аба ырайы 6-7-октябрда катталып, жыйналбаган жашылча жемиштерге, казылып алынып жабылбаган картошка жана кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.

Чукул кырдаалдарды жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында ӨКМ тарабынан элге СМС билдирүүлөр жөнөтүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0