Медету Садыркулову исполнилось бы 62 года

Жол кырсыгынан ажал тапкан кыргызстандык аткаминерлер

9627
(жаңыланган 09:47 09.10.2017)
7-октябрда жүк ташуучу унаа менен Land Cruiser унаасы кагышып үч адам каза тапты. Алардын катарында Кыргызстандын вице-премьери Темир Жумакадыров дагы бар. Sputnik Кыргызстан агенттиги жол кырсыгына байланыштуу чуулгандуу окуяларды тизмектеди.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Бүгүн саат 7.30дар чамасында Чүй облусундагы Москва районуна караштуу Садавое айылында болгон жол кырсыктан вице-премьер Темир Жумакадыров көз жумду. 

Жүк ташуучу унаа менен Land Cruiser үлгүсүндөгү унаа кагышкан. Окуя болгон жерде вице-премьер менен кошо анын жардамчысы менен айдоочусу көз жумган. Алар жол тандабастын салонунда болушкан.

Sputnik Кыргызстан агенттиги буга чейин жол кырсыгынан каза болгон белгилүү адамдарды эстеп көрүүнү эп көрдү.

Насирдин Исанов

1990-жылы президенттикке ат салышып, Аскар Акаевге утулуп калган Насирдин Исанов 1991-жылдын 21-январында эгемендүү Кыргызстандын алгачкы өкмөт башчысы болуп дайындалган. Андан көп өтпөй эле, премьер-министрдин "Волга" унаасы Ош — Жалал-Абад унаа жолунда жол кырсыгына кабылып, каза болуптур деген суук кабар тараган. Тергөөнүн расмий берген маалыматы боюнча Исанов бара жаткан унааны ЗИЛ-130 жүк ташуучу унаасы коюп кеткен. Окуядан бир гана Насирдин Исановдун каза болушу көптөгөн бүдөмүк ойлорду жараткан.

Анарбек Бакаев

Кыргызстандын улуттук коопсуздук боюнча министри Анарбек Бакаев бара жаткан Volkswagen Passat кызматтык унаасы "Манас" аэропортунун жолунда кырсыкка кабылган. Анда да министрдин унаасын ЗИЛ жүк ташуучу машина келип сүзгөн. Окуядан көп өтпөй ЗИЛдин айдоочусу мас абалында болгондугу айтылган. Москвадагы дарыгерлердин жардамы менен да жол кырсыгынан жаракат алган Анарбек Бакаевди сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

Медет Садыркулов

Курманбек Бакиевдин заманы болуп турганда бир канча бычакка сап жигиттер бул дүйнө менен кош айтышып кете берген. Алардын бири президенттин аппаратынын мурунку жетекчиси Медет Садыркулов. Ошол кездеги бийликтин тараткан маалыматына ылайык, 2009-жылдын 13-мартында Audi-100 үлгүсүндөгү машина менен Lexus жол тандабасы кагышып, окуядан Медет Садыркулов каза болгон. Ал эми тирүү калган Audi-100 машинасынын айдоочусу Өмүрбек Осмонов камакка алынган. Апрель окуясынан кийин иш кайрадан козголуп, Медет Садыркуловдун атайын өлтүрүлгөнү айтылган. Кийинки тергөөнүн жыйынтыгы менен бир канча мамлекеттик кызматкерлер эркиндигинен ажыратылган. Ал эми Өмүрбек Осмонов 2010-жылдын 21-апрелинде киши колдуу болгон.

9627
Белгилер:
жол кырсыгы, Темир Жумакадыров
Тема боюнча
Вице-премьер Темир Жумакадыров жол кырсыгынан каза болду
Темир Жумакадыров каза болгон жол кырсыгынын чоо-жайы