Сапар Исаков үйдөн чыкпай эле кайсы кызматтарды колдонууга болорун айтып берди

© Sputnik / Табылды КадырбековКомпьютерде иштеп жаткан адам. Архив
Компьютерде иштеп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн 14 кызмат жеткиликтүү болсо, жакынкы арада дагы бир нечесин ишке киргизүү пландалып жатат

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков portal.tazakoom.kg аталышындагы электрондук кызмат көрсөтүү порталынын бет ачарын өткөрдү.

Ход установочных работ информационных киосков в Сокулукском районе - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда 400дөн ашуун маалымат киоскилери ачылат
Бул интернет аркылуу электрондук форматтагы мамлекетик кызматтарды пайдалануунун жалгыз жолу.

Аталган портал "Таза Коомдун" алкагында ишке ашып жаткан перспективдүү долбоорлордун бири. Бүгүн ал аркылуу 14 кызмат жеткиликтүү болсо, жакынкы арада дагы бир нечесин ишке киргизүү пландалып жатат.

Премьердин айтымында, аны пайдалануу үчүн биометрикалык паспорт жана баасы 1-4 доллар болгон картридер алуу зарыл.

Ридердин жардамы менен компьютер аркылуу порталга кошулууга болот. Көптөгөн кызматтарды үйдөн чыкпай эле колдонууга жол ачылат. Исаков компьютер аркылуу порталга кирип, бир нече бөлүмдүн ишин көрсөтүп берди.

  • Паспорттук кызматтарды көрсөтүү;
  • Үй-бүлө жана балдар кызматы (үй-бүлөлүк абалы жана никеси тууралуу маалыматтар);
  • Даректи каттоо (табылгалар бюросу жана жашаган жерин каттоо);
  • Транспорт (айдоочулук күбөлүк жана унаа маселелерине байланыштуу суроолор);
  • ЗАГС (никени каттатуу үчүн арыз жазуу жана мөөнөтүн тактоо);
  • Кыймылсыз мүлк (мамлекеттик мүлктүн тизмеси).

Премьер "паспорттук кызмат көрсөтүүлөр" деген бөлүмгө кирип, чет элдик паспорт алууга аракет кылды. Ал жерде алуу шарттары, акысы жана мөөнөтү көрсөтүлгөн.

Кыргызстандын жаранынын биометрикалык паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мамкаттоо кайсы учурда жарандардын ПИН номерин алмаштырууга болорун айтты
Ошондой эле өкмөт башчысы сүрөт деген жерге мурда бар сүрөттү колдонууга же веб камераны пайдаланууга болорун айта кетти.

Портал аркылуу бардык төлөмдөрдү, атургай онлайн жеткирүүлөрдүн акысын дагы төлөөгө болот. Ал банктык карталардын жана мобилдик капчыктын кызматтарын дагы камтыган.

Мамкаттоо кызматынын жетекчиси Дастан Догоевдин айтымында, жарандан арыз түшкөндөн кийин аны оператор кабыл алып карап чыгат дагы жаранга кайрадан билдирүү жиберилет.

Ал эми Исаков портал паспорт алгысы же алмаштыргысы келген мигранттарга дагы жеңилдик болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0