Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстандын редакциясы кулинардык сынчы Данияр Деркембаев жана Кыргызстан ашпозчулар биримдигинин түптөөчүлөрүнүн бири Регина Сманова менен биргеликте өлкөнүн эң мыкты ашкана чеберлерин белгилеп чыкты. Сиздердин назарыңыздарга КМШ өлкөлөрүнүн биринчи адамдары аш табитине ылайык келген шеф-ашпозчулардын тизмегин сунуштайбыз.
Эмил энесинин кеңеши менен кичинесинде эле ашпозчу болуу чечимин кабыл алат. ВУОПту ашпозчу-технолог адистиги боюнча бүтүрүп, Бишкекте бир аз иштейт. Андан соң ал ашпозчулук чеберчилигин арттыруу үчүн Малайзия, БАЭ жана Түркияга бет алат, кийин биротоло Россияга жайгашууну чечип, Новосибирск шаарында туруп калат. Эмил аталган калаанын белгилүү ресторанында шеф-ашпозчулукту аркалайт. Көп өтпөй Сибирдин беш жолку чемпиону, Кремль кубогунун күмүш байгесинин ээси жана ар кыл багыттагы "Shef a la ruse" сынагынын алтын байгесинин ээсине айланат. 2014-жылы Люксембургда өткөн Кулинария боюнча дүйнө чемпионатында ээлеген экинчи орунду өзүнүн эң башкы жетишкендиги катары эсептейт. Чехияда жеке ресторанын ачууну пландаган, бирок виза ала албагандыктан, Кыргызстанга кайтып, Бишкектин эң ири ресторандык чынжырынын бренд шеф-ашпозчусу болуп чыга келди. Белгилүү инсандардан үч ирет Владимир Путинге тамак даярдаган. Анын иш тизмесинде Россиянын, Европанын бир катар өлкөлөрүнүн жана КЭРдин жогорку өкүлдөрү бар.
Дарий ресторан-мейманкана бизнесине өспүрүм курагында, 16 жашынан тарта аралашкан. Адегенде официанттын жардамчысы болуп, идиш кургатып, цехтерге таратуу милдетин аткарган. Бир аз убакыт өткөн соң Дарийди ресторандын теңата шефи байкап, жаш баланын дараметин жана өсүүгө болгон каалоосун көрүп, кондитердин жардамчылыгына дайындайт. Кийинчерээк Дарий Москвада белгилүү кондитер Александр Кислицынден атайын билим алган. Дарийдин эсебинде ар кыл багытта бир канча медаль бар, 2013-жылдын мыкты ашпозчусу жана мыкты шеф-кондитер наамдарынын ээси. Путин, Медведев, Назарбаев, Каримов жана Рахмоновго тамак даярдаган. Бүгүн Дарий Миландагы Кондитерлердин эл аралык сынагынын "шоколад композициясы" багытында күчүн сыноодо.
Азыркы тапта Олег – Кыргызстандагы шоколад ишиндеги бирден бир лидер, колго жасалчу бельгиялык шоколад өндүрүүчү цехтин ээси. Мындан тышкары, шаардыктардын сүймөнчүгүнө айланган төрт белгилүү жайдын бренд шеф-ашпозчусу болуп саналат.
Атайын билим ээси болуу зарыл деп эсептейт, анткени, теориялык пайдубалдын негизинде кийинки карьералык жол курулат. Ресторандык бизнестен 20 жылдык тажрыйбадан кийин четтесем дейт, бирок ардактуу эс алууга эмес… Шухрат ушул чакта кулинардык өнөрдүн болочок мыктыларын өз мектебинде окутуп, аны менен катар жергиликтүү лицейде да сабак берүүдө.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Германия Кыргызстанга 14,9 миллион евро өлчөмүндөгү карызын кечүүгө даяр. Болгону Кыргызстан ал каражатты ипотекалык кредитке жумшашы керек. Бул тууралуу журналисттерге Финансы министрлигинин Мамлекеттик карыздар башкармалыгынын жетекчиси Руслан Татиков билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылы министрлик тышкы карызды жоюп салуу өтүнүчү менен бир нече мамлекетке кайрылган. Бир гана Германия буга макул болду.
"Жалгыз Германия карызды жоюу боюнча макулдугун берди. Документке кол коюла элек, бирок сүйлөшүүлөр болду”, — деди Татиков.
Ал кошумчалагандай, бул каражат эми Мамлекеттик ипотекалык компанияга жумшалат деп күтүлүп жатат.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. УКМК экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди кармады. Бул тууралуу күч органдарынан өздүк булактар билдирди.
Маалыматка караганда, ал мыйзамсыз жол менен байыган деп шектелип жатат. УКМК Абылгазиевди баш коргоо чарасы каралганга чейин эки суткага СИЗОго камакка алганы айтылууда.