Боршайком: 36 аймактык шайлоо комиссияларынан протоколдор кабыл алынды

Жазылуу

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Учурда Борбордук шайлоо комиссиясы 36 аймактык шайлоо комиссияларынан протоколдорду кабыл алууну аяктады. Бул тууралуу Боршайкомдун маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, шайлоо учурунда жалпысынан 54 аймактык шайлоо комиссиясы уюштурулган.

"18-октябрдан тарта аймактык шайлоо комиссияларынан протоколдорду алуу башталган. Бишкек, Ош шаарында, Нарын, Талас, Ысык-Көл, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарында райондук жана шаардык деңгээлде 54 аймактык шайлоо комиссиялары уюштурулган", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Кыргызстанда 15-октябрда президенттик шайлоо өтүп, 11 талапкер ат салышкан.

БШКнын алдын ала жыйынтыгы боюнча Сооронбай Жээнбеков биринчи, Өмүрбек Бабанов экинчи орунда келе жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0