КРде автоунаа сатып алгандар азайып, аны оңдоого акча короткондор көбөйдү

© Sputnik / Табылды КадырбековАвтомобильный затор в Бишкеке
Автомобильный затор в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2017-жылы автоунаа, мотоцикл, унаа тетик жана башка жабдууларын сатып алуу 6 миллиард 373 миллион сомду түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 203 миллион сомго көп экени аныкталган.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кыргызстанда автоунаа жана мотоцикл сатуунун көлөмү кыскарды. Бул туурасында Улуттук статистика комитетинин 2017-жылдын январь-сентябрь айындагы өлкөнүн социалдык-экономикалык абалы тууралуу жарыялаган маалыматында жазылган.

Денежные купюры - Sputnik Кыргызстан
Акыйкатчы аппараты 1,5 млн. сомдук жол тандабас сатып алууга жарыя берди
Бул аралыкта унаа, мотоцикл, унаа тетик жана башка жабдууларын сатып алуу 6 миллиард 373 миллион сомду түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 203 миллион сомго көп экени аныкталган.

Ал эми техникалык тейлөө жана оңдоп-түзөө иштерине январь айынан сентябрга чейин 1 миллиард 673,1 миллион сом жумшалса, былтыркы жылдын тогуз айында 1 миллиард 831, 6 миллион сом корогон.

Жаңылыктар түрмөгү
0