Кыргызстандыктар кайсы айда көп ажырашары белгилүү болду

Жазылуу
Көрсө кыргызстандык жубайлар кышында көп ажырашпайт экен

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кыргызстандык жубайлар кайсы айда көп ажыраша турганын Улуттук статистика комитети иликтеп чыкты.

Маалыматка караганда, көпчүлүк жубайлар август айында эки ача жолго түшөт.

Никелешкендер эң көп ажырышкан айлар боюнча экинчи орунда сентябрь турат. Ал эми кыш айларында ажырашуулар өтө аз, өзгөчө февралда.

Жыл сайын Кыргызстанда тогуз миң үй-бүлө бири-биринен кол үзүшөт экен. Бул саат сайын бирден үй-бүлө жокко чыгарылат дегенди түшүндүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0