БШК президенттик шайлоодо добуш бергендердин тизмесин жарыялады

© Sputnik / Табылды КадырбековХод выборов президента Кыргызстана в Бишкеке
Ход выборов президента Кыргызстана в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттик шайлоо 15-октябрда өтүп, анда 11 талапкер ат салышкан.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоодо добуш бергендердин тизмесин жарыялады.

Белгилей кетсек, президенттик шайлоо 15-октябрда өтүп, анда 11 талапкер ат салышкан. БШКнын алдын ала жыйынтыгы боюнча биринчи орунда Сооронбай Жээнбеков, экинчи орунда Өмүрбек Бабанов келе жатат.

"Кыргызстандын "КР президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамдын 37-1-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Боршайком КР президентин шайлоого катышкандардын тизмесин расмий сайтка жайгаштырды", — деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары, конституциялык мыйзамдын 35-беренесиндеги 23-пунктуна ылайык, шайлоочулардын мөөр менен күбөлөндүргөн тизмеси (же анын көчүрмөсү) участкалык шайлоо комиссияларынын имаратынын кире беришиндеги такталарга илинген.

Эске салсак, президенттик шайлоо учурунда жалпысынан 54 аймактык шайлоо комиссиясы ачылган. Учурда алардын 46сынан добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколдорду кабыл алынды.

БШК Бишкек шаардык, Ош шаардык, Түп, Кадамжай, Кара-Суу, Ноокат, Сокулук жана Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынан добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколдорду алууну улантууда.

Ошондой эле шайлоого карата даярдык көрүү жана өткөрүүгө байланышкан иш-чаралардын календардык планына ылайык аймактык шайлоо комиссияларынын добуш берүү жөнүндө протоколдору 2017-жылдын 3-ноябрына чейин (добуш берүү күнүнөн 19 календардык күндөн кечиктирбестен) БШКнын расмий сайтына жайгаштырылат.

Боршайком 18-октябрдан баштап аймактык шайлоо комиссияларынан тиешелүү аймактардагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдорду кабыл алууну баштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0